Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Кыргыз-жапон алакасы: Жасалма интеллект, энергетика жана таза азык


Президент Садыр Жапаров жана жапон императору Нарухито.
Президент Садыр Жапаров жана жапон императору Нарухито.

мазмуну

  • Президент Садыр Жапаров Жапониянын императору Нарухито менен эки өлкөнүн достук жана маданий кызматташтыгын талкуулады.
  • Кыргызстан Жапониядан билим берүү жана технология жаатындагы колдоону маанилүү деп эсептейт.
  • Жапаров Нарухитону 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" тоо саммитине чакырды.
  • Жапония Кыргызстанга медициналык контейнерлерди жардам катары берүүнү убада кылды.

Президент Садыр Жапаров Жапонияга расмий сапары алкагында 19-декабрда император Нарухито менен жолукту. Токиодо ал Борбор Азия–Жапония форматындагы алгачкы саммитке жана бизнес форумга катышат. Кыргыз делегациясы эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүп, кызматташтыкты талкуулоодо.

Президенттин администрациясы кабарлагандай, Садыр Жапаров Жапониянын императору Нарухито менен жолугушууда эки өлкө ортосундагы достук байланыштарды, маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөнү, эки элдин ортосундагы ишенимди кеңейтүү маселелерин талкуулады. Ал Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө Жапониянын технологияларынын жана билим берүү программаларынын маанилүү ролу бар экенин билдирди.

Жапаров кыргызстандык мамлекеттик кызматкерлердин жаңы муунун калыптандырууга көмөктөшкөн жапон стипендиялык программасын белгилеп, кыргыз жаштарынын арасында жапон тилине жана маданиятына кызыгуу артып жатканын, төрт окуу жайда жапон таануу жана тили боюнча 700гө жакын студент билип алып жатканын айтты.

Ал ошондой эле император Нарухитону 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" экинчи глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды. Жапон императору суу ресурстары жаатында илимий ишмердүүлүк менен алектенери белгилүү.

Кезектеги Борбор Азия–Жапония саммити мындай форматтагы кызматташтыктын 20 жылдыгына карата 2024-жылдын августунда Казакстанда өтөрү пландалган. Бирок ошол кезде Жапонияда катуу жер титирөө коркунучу жаралып, жапон делегациясы келе албай калган.

20 жыл мурун Жапония биринчилерден болуп кызматташуунун Борбор Азия+1 форматын сунуштаган. Буга чейин аймактагы өлкөлөрдүн башын бириктирген жолугушуулар тышкы иштер министрлеринин жана премьер-министрлердин деңгээлинде болуп келген. Эми жапон бийлиги Токиого президенттерди чакырып, алака-катышты бекемдөөнү көздөөдө.

Соңку мезгилде АКШ, Европа баштаган бир катар өлкөлөр Борбор Азиядагы мамлекеттерди бир тутумда карап, 5+1 деген форматта кызматташтыкты тереңдетүүгө маани берүүдө.

Жапаров баштаган делегациянын курамында бир катар мекемелердин башчылары бар, алар да өз алдынча жолугушууларды өткөрүп жатышат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, министр Жээнбек Кулубаев жапон кесиптеши Тосимицу Мотэги менен жолугушту. Жыйынтыгында 2026–2027-жылдарга карата Кызматташтык программасына кол коюлду. Жапон өкмөтү Кыргызстанга 500 млн йен наркындагы мобилдик медициналык контейнерлерди жардам иретинде берери маалымдалды.

Инвестиция боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров JFR Co. Ltd компаниясынын жетекчиси Номибицу Акай менен Кыргызстандын аймагында адамдардын саламаттыгы үчүн пробиотик өндүрүү жаатындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулады. Ошондой эле агроөндүрүш секторунда заманбап биотехнологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу тууралуу да сөз болду.

Талдоочулар бул жерде геосаясий кызыкчылыктар менен катар Борбор Азиядагы ресурстарга болгон кызыгуу бар экенин белгилешет.

Жапониядан билим алган саясат таануучу, саясий илимдердин кандидаты Чынара Эсенгул саммиттердин салмагы президенттердин деңгээлине көтөрүлгөн соң күн тартибине коюлган маселелердин мааниси дагы кең болушу мүмкүн экенин белгилеп, Кыргызстан үчүн заманбап технологиялар көбүрөөк кызыктуу болорун айтты:

Чынара Эсенгул
Чынара Эсенгул

"Борбор Азиянын мамлекеттерине Жапония менен кызматташтык эмне берет дегенде, негизгиси, албетте, бул өлкөнүн күчтүү жактары - технология, билим. Жасалма интеллект боюнча документ пландалып жатыптыр. Бул эң маанилүүсү. Экономика жаатындагы кызматташтыкты алсак, Борбор Азияда, өзүңөр билесиңер, энергетикалык ресурстар көп. Ал эми жапондордо, өнөр жай тармагы өнүккөндүктөн, электр энергиясына муктаждык чоң. Биз Чыгыш менен Батыштын ортосунда болгондуктан тышкы саясатта Орусия, Кытайга ыктабай, Батыштын негизги өнөктөшү болгон мына ушул Жапонияга менен да тышкы мамилени өнүктүргөнүбуз оң".

Сапар алкагында Жапаров Жапониянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүүдө.

Талдоочулар бардык өнүккөн мамлекеттердей эле Жапониянын дагы Борбор Азия чөлкөмүндөгү кызыкчылыгы саясий, экономикалык жана гуманитардык багыттарда жүрө турганын белгилешет.

"IT тармактагы биздин жаштардын аракетин Жапония көрүп жатат. Жакшы программаларды ишке ашырса болот. Жапониянын бул аймактагы экономика жактан негизги өнүктөштөрү Казакстан менен Өзбекстан болгондуктан бизге алардын чоң компаниялары келген жок. Бирок соода-сатык мамилебиз, "Бир айыл – бир продукт" деген долбоор жакшы натыйжа берип, биздин органикалык азыктарыбыз Жапонияда жакшы кабыл алынып жатат", - дейт Чынара Эсенгул.

Борбор Азия–Жапония саммити менен катар 20-декабрда ушундай эле форматтагы бизнес форуму да өткөнү жатат.

"Азаттык" мына ушул форумга катышууга камданып жаткан кыргызстандык ишкер Мирбек Тентиев менен байланышты. Ал 13 жылдан бери бул өлкөдө жашап, иштеп келет. Үч жыл мурун жапониялык товарларды дүйнө жүзүнө тараткан компаниясын ачкан.

Мирбек Тентиев
Мирбек Тентиев

"Баштапкы жолугушуу болгон жатат. Кандай форматта өтөт, эмнелер сүйлөнөт, ошонун баарын, менимче, түшүндүрүп беришет. Мындай жыйын биринчи жолу болуп жатат. Жапония Кыргызстандан өтө алыс жайгашкан өлкө, бизди билбеген жапондор өтө көп. Жаңы мүмкүнчүлүктөр пайда болот деп ойлойм. Себеби дегенде бул форумга президенттен жана Жапониянын премьер-министринен сырткары ири жапон корпорациялары да келгени жатат".

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) статистикасына ылайык, 2023-жылы Жапониянын Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара соодасынын жалпы көлөмү 2 млрд доллардан ашкан. Бобор Азия менен экономикалык кызматташтыкта эң ири өнөктөшү Казакстан, андан кийин Өзбекстан турат. Расмий статистика боюнча, 2023-жылы Кыргызстандын Жапония менен соода алакасынын көлөмү 256 млн долларга чукул болгон. Анын дээрлик баары импорттон турат. Жапониядан келген импорттун 91% транспорт каражаттары жана алардын тетиктери түзөт.

Соңку маалымат боюнча, Кыргызстан менен Жапониянын мамлекеттик органдары жана бизнес структуралары кызматташа турган жаңы багыттар аныкталып, тийиштүү документтер кабыл алынды.

20-декабрда Борбор Азия+Жапония бизнес форуму өтүп, ага өнөр жай жана машина куруу, энергетика, транспорт жана логистика, финансы жана камсыздандыруу, маалыматтык технологиялар, медицина жана фармацевтика, айыл чарба, билим берүү, ошондой эле жогорку технологиялар жана инновациялык өнүгүү чөйрөсүндө иштеген 300дөй бизнес өкүлү катышты.

Жыйынтыгында Кыргызстанга байланыштуу 20 чакты документке кол коюлду. Алардын арасында "Кыргыз Экспорт" борборунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү планы, Чоң-Кемин дарыясына кичи ГЭС куруу боюнча "жол картасы", Кыргызстанда Жапониянын "Китахара" үлгүсүндөгү меджардам борборлорун түзүү тууралуу меморандумдар бар.

Президент Садыр Жапаров Жапонияны Ысык-Көлдө “Асман” шаарын куруу долбооруна катышууга чакырды. Бул тууралуу ал 20-декабрда Токиодо Борбор Азия+Жапония саммитинде сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Садыр Жапаров Жапония менен кызматташтыктын жогорку деңгээлин белгилөө менен жапон тараптын Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымын жогору баалады жана инвесторлорду "Асман" экологиялык таза шаар долбооруна катышууга чакырды”, - деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

“Асман” азыркы кыргыз бийлигинин жаңы шаар куруу дымагынын алгачкы долбоорлорунан.

Саммиттеги сөзүндө кыргыз президенти Жапониянын катышуусу менен Борбор Азия аймагында ар кандай жаратылыш кырсыктары тууралуу алдын ала эскертүү жана табигый кырсыктар коркунучу канчалык экенин болжолдоо боюнча маалымат алмашуу системасын түзүүнү да сунуш кылды.

Жапаров Евразиянын борборундагы ыңгайлуу географиялык жайгашуусу Кыргызстан үчүн транспорттук, логистикалык, соода жана финансылык агымдар үчүн аймактык хаб болуу мүмкүнчүлүктөрүн ачарын да айтты.

Ал кыргыз бийлиги Жапония менен маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууга даяр экенин билдирип, Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы биргелешкен санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, алдыңкы жапон технологияларын трансферлөө, ошондой эле инженердик жана IT кадрларын даярдоо үчүн аянтча боло аларын белгиледи.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG